Кыргыз фондулук биржасында финансылык рынокту санариптештирүү талкууланууда

Бишкекте Кыргыз фондулук биржасынын уюштурулган рынокторун өнүктүрүүгө арналган тегерек стол өтүүдө, ал фондулук, акча, товар рынокторун жана кымбат баалуу металлдар рыногун камтыйт. Иш-чара Кыргыз фондулук биржасы тарабынан уюштурулуп, мамлекеттик структуралардын, финансылык мекемелердин, ошондой эле камсыздандыруу жана брокердик компаниялардын, экспорт жана импорт менен алектенген ишканалардын өкүлдөрүн чогултту.

Кыргыз фондулук биржасынын генеральдык директору Аида Чодулова тегерек столду ачып жатып, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү үчүн биржалык инфраструктураны модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Талкуулардын жүрүшүндө депозиттик аукциондордун санарип платформасын өнүктүрүүгө, бизнес жана инвесторлор үчүн фондулук рыноктун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле жаңы мыйзамдарга ылайык товарларды биржалык соода жүргүзүүнү жакшыртууга басым жасалган.