Кытайдын Кызыл-Суу-Кыргыз автономдуу округунда 13-июлда XII Эл аралык маданий туризм фестивалы «Памир дүйнөсү — Тагдыр Манас» салтанаттуу түрдө ачылды. Бул иш-чарага Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков катышты, деп билдирет КРдин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги.
Фестиваль «Манас» эпосун сактоо, жайылтуу жана эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө, ошондой эле маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Иш-чаранын алкагында маданият жана туризм тармагында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле «Manas Media» (APP) мобилдик платформасы жана «Манас» эпосуна байланыштуу жаңы маданий долбоорлор сунушталды.