Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Токмок психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси №1 тууралуу маалыматтардын медиага таралышы боюнча түшүндүрмөлөрдү жарыялады. Бул маалыматтар 2026-жылдын 19-майында Акыйкатчы институту (Омбудсмен) тарабынан жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жыйынтыктарына байланыштуу.

Текшерүү учурунда комиссия мекеменин кардарларынын жашоо шарттары менен таанышып, алар менен жеке маектер өткөрдү.