Тажик бийлиги сексуалдык мүнөздөгү, анын ичинде балдарга карата жасалган ушундай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу 15-июлда Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттин төрайымы Бунафша Файзиддинзода билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын алгачкы алты айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 154 факт катталган, анын жетөө сексуалдык мүнөздөгү кылмыш экени аныкталган. Файзиддинзода айыпталуучулар кимдер экенин тактаган...