В Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында чет өлкөлүк номерлери бар унааларды легалдаштыруу боюнча акыркы этап уланууда. Бул процедурага жарандар менен Жогорку Кеңештин депутаттары да кайрылышууда.

Kaktus.media "Аю Гранд" соода борборунда жайгашкан Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо борборуна барды. Учурда кезек жок, бирок Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик башкармалыгынын маалыматы боюнча, болжол менен 5 миң унаа легалдашкан эмес.