Бишкекте «Кыргыз фондулук биржасынын уюштурулган рынокторун өнүктүрүү: фондулук рынок, акча рыногу, товар рыногу жана кымбат баалуу металлдар рыногу» темасына арналган тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чаранын катышуучулары фондулук биржанын санарип инфраструктурасы, бизнес жана инвесторлор үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, ошондой эле товар соодасы жана кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү сыяктуу негизги аспектилерди талкуулашты.
Биринчи сессияда Кыргыз фондулук биржасынын орун басары Мыктыбек Абиров депозиттик аукциондор үчүн жаңы санарип платформаны сунуштады. Ал бул системанын киргизилиши банктарга депозиттерди жайгаштыруу үчүн ачык жана ыкчам механизмдерге жеткиликтүүлүктү камсыз кыларын жана бул ликвиддүүлүктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатарына басым жасады.
Кыргыз фондулук биржасынын директору Аида Чодулова фондулук рыноктун бизнес жана инвесторлор үчүн ачкан жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Ал листинг процессинин компанияларга болгон ишенимди жогорулатууга, алардын ачыктыгын тастыктоого жана корпоративдик облигациялар аркылуу узак мөөнөттүү капиталды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө жардам берерин белгиледи.
Чодулова компаниялардын биржага чыгышы бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү инструмент болуп калууда деп кошумчалады. Ошондой эле ислам финансыларын камтыган финансылык инструменттерди кеңейтүү перспективалары, бул темадагы биринчи форум 25-июлда Бишкекте өткөрүлмөкчү.
Акырында катышуучулар уюштурулган рынокторду өнүктүрүү, бизнес жана калк үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын финансылык секторунда заманбап санарип чечимдерди киргизүү боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты.