Мамлекеттик бажы кызматында биринчи орун басар Улан Кимсановдун «Кытай–Кыргызстан–Узбекистан» темир жол компаниясынын генеральдык директору Гун Хунъюн менен жумушчу жолугушуусу өттү. Диалогдун негизги темасы Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды байланыштырган темир жолдун курулушу үчүн товарларды өткөрүүдө бажы башкаруусун жакшыртуу жана процедураларды оптималдаштыруу маселелери болду.
Тараптар инфраструктуралык долбоорго тартылган товарларды бажы расмийлештирүүдө пайда болгон көйгөйлөргө көңүл бурушту. Бажы кызматкерлеринин өкүлдөрү учурдагы бажы операциялары боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти жана расмийлештирүү процессин жөнөкөйлөтүү боюнча кеңеш беришти. Ошондой эле, аймактык бажы органдарында ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыздоо үчүн жооптуу кызматкерлер дайындалды.