16-июлда видеоконференция режиминде Кыргызстан менен Россиянын эмгек миграциясы боюнча биргелешкен жумушчу топтун 18-отуруму өттү. Иш-чара Кыргызстан Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулуп, жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
Катышуучулар 1996-жылдын 28-мартында кол коюлган эмгек иши жана мигранттарды социалдык коргоо боюнча келишимди, ошондой эле 2003-жылдын 22-сентябрындагы протоколду ишке ашырууда пайда болгон көйгөйлөрдү карашты.