
Украинанын Жогорку Радасы Сергей Корецкийди премьер-министрлик кызматка дайындады. Ал буга чейин НАК «Нафтогаз Украинын» жетекчиси болгон. Анын талапкерлигин 289 депутат колдоп, бир депутат каршы чыкты, 21 депутат добуш берүүдөн баш тартты.
Корецкий Юлия Свириденкону алмаштырды, ал 2025-жылдын июлунан бери премьер-министр болуп иштеп келген. Сергей Корецкий 1978-жылдын 14-мартында Луцк шаарында төрөлгөн. 2025-жылдын апрелинен бери «Нафтогаздын» башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп, андан мурда үч жыл бою «Укрнафта» компаниясын башкарган.