Формула-1 сууда. Ысык-Көл облусунда 6 миңден ашык дарак отургузулат

Ысык-Көл облусундагы Боз-Салкын жана Дон Талаа аймактарында 17-18-июлда 6 миңден ашык көчөттөрдү отургузуу акциясы өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандын суу-мотор спорту федерациясы тарабынан «Формула-1» на воде долбоорунун алкагында «Жашыл Дем» кыймылынын өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулууда.

Эки күн бою акцияга волонтерлор, мамлекеттик органдын кызматкерлери, бизнес өкүлдөрү, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү жана медиа катышат. Көчөт отургузуу үчүн негизги аянтча 6 гектарды ээлеген Боз-Салкын аймагы болот, ал жерде 5 миңге жакын дарак отургузуу пландалууда. Дон Талаа участокто дагы 1 миң көчөт отургузулат.