Бишкек шаардык соту 16-июль түштөн кийин да абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин кароону улантып, жарыш сөз аяктады. Бул тууралуу отурумга катышкан "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.Жараян ачык өттү. Прокурор соттон райондук соттун Имамидин Ташовго чыгарган өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү. Жактоочулар аны актоону суранышты. Иш күнү аяктаган соң отурум жыйынтыкталып, 17-июль, саат 12:00гө жылдырылды. Эртең айыпталуучу акыркы сөзүн айтса,...