Министрлер кабинети күйүүчү майды сапат сертификатысыз ташып келүүгө убактылуу уруксат берди. Өкмөт 2027-жылдын 1-апрелине чейин күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкөгө алып кирүүдө сапатка шайкештигин тастыктаган документти талап кылуу боюнча ченемди убактылуу токтотту.Чечимге ылайык, мурдагы токтомдун биринчи жана экинчи пунктуларынын күчү убактылуу токтотулат. Ошол эле учурда күйүүчү майды ташууда коопсуздук талаптары, жүккө коштолгон документтер жана ташуучу же жүк алуучунун салыктык каттоосун тастыктаган документтер милдеттүү бойдон калат.