Манас аэропорту бараткан жолдун айланасында ШОС саммити үчүн газон себүү аяктады



Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) саммити алдында «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасы борборду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин активдүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.
Учурда «Манас» эл аралык аэропортуна бараткан жолдун айланасында 24 000 чарчы метр аянтка газон себүү аяктады. Ишкананын адистери күн сайын атайын техниканын жардамы менен чөптүн өсүшүн камсыз кылуу үчүн сугат жүргүзүшөт.

Мындан тышкары, топурактын оптималдуу нымдуулугун сактоого жана өсүмдүктөрдүн тамырлануусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жардам берген 16 000 чарчы метр көлөкө берүүчү тор орнотулду.