Видеотасмага негизделген, социалдык тармактарда жарыяланган Ош – Ноокат автомобиль жолу боюнча абал тууралуу, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаменти жана Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушта сертификаттоо борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгы мобилдик лабораторияны колдонуп, чыгуу текшерүүсүн өткөрүштү.

Текшерүү Ош шаарындагы Мамырова көчөсүндө жайгашкан Ош – Ноокат жолунун бөлүгүндө, шаардан 3-4 км аралыкта өттү. Текшерүүнүн жүрүшүндө ар кандай кемчиликтер аныкталды. Асфальтобетон жабындын сапатын талдоо үчүн адистер керндин үлгүлөрүн алышып, тиешелүү лабораториялык сыноолорду өткөрүштү.