Дүйнөнүн калкынын дээрлик үчтөн бири ден-соолукка пайдалуу тамак-ашты сатып ала албайт — ФАО
Сүрөт news.un.org сайтынан алынды. Ден-соолукка пайдалуу тамак-аш — бул толук, азыктык заттарга бай продуктыларды колдонуу дегенди билдирет
Дүйнөнүн калкынын дээрлик үчтөн бири ден-соолукка пайдалуу тамак-аш менен камсыз болууга мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу БУУнун маалымат кызматы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы экономисти Максимо Тореро менен болгон маегинде маалымдады.

Эксперт акыркы беш жылдын ичинде ден-соолукка пайдалуу тамак-аштын баасы 25 пайызга жогорулаганын, адам башына күнүнө 4,28 долларга жеткенин, сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритетин эске алуу менен белгиледи. Натыйжада 2,69 миллиард адам, бул планетанын калкынын дээрлик үчтөн бирин түзөт, толук тамак-ашты сатып ала албайт.