Билим берүү министрлигинде Бишкек жана Чүй облусунун кесиптик лицейлеринин директорлору, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Иш-чара баштапкы кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин талкуулоо максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын катышуучуларынын арасында билим берүү министринин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Рахат Мусаева жана баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги Айнура Кусеинова бар.