```html











Кыргызстандын өкмөтүнүн орун басары, ошондой эле суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын алдыңкы агроөнөржай компанияларынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Бул иш-чаранын алкагында «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсы менен Кытайдын улуттук электроинжиниринг корпорациясы (CNEEC) ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун шарттарына ылайык, Кыргызстанда жылына 600 миң тоннага чейин карбамид өндүрүүчү минералдык тыңайткычтар заводун куруу пландалууда. Бул долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, агросекторду өнүктүрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку сапаттагы минералдык тыңайткычтар менен камсыздоого багытталган.