Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Саратов облусундагы Энгельс шаарына сокку урду. Жарылуудан "Энгельс-2" аскердик аэродромунун аймагында өрт чыгып, шаарда электр энергиясы үзгүлтүккө учуроодо."Азаттыктын" украин кызматы белгилегендей, бул аэродромду орус аскерлери украин аймактарын ракета менен аткылоо үчүн колдонуп келет. Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин 16-июлда Энгельс шаарына учкучсуз учактар менен чабуул жасалганын билдирди. Анын айтымында, жарандык...