«Бишкекзеленстрой» гүл дүкөнүн ачты





Бишкекте муниципалдык ишкана «Бишкекзеленстрой» тарабынан жаңы гүл дүкөнү ачылды. Ачылыш иш-чарасы ишкананын Ташкентская, 17 дарегиндеги аймагында өттү. Бул иш-чарага мэрдин орун басары Рамиз Алиев жана «Бишкекзеленстрой» директору Адилет Абылбеков катышып, кызыл лентаны салтанаттуу түрдө кесишти.
Дүкөндө сунушталган продукция толугу менен аталган муниципалдык ишкананын жылыжай комплексинде өстүрүлгөн. Дүкөндүн ачылышы жергиликтүү бизнес жана шаарды жашылдандыруу үчүн маанилүү кадам болуп, тургундарга сапаттуу гүлдөрдү жана өсүмдүктөрдү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берет.