Кыргызстан жана Кытай өз ара соода боюнча рекорд жаңыртты - $27 млрд


Министрлер кабинетинин орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолугушту. Жолугушуу Кыргызстандын жана Кытайдын соода-экономикалык мамилелерин тереңдетүү, ошондой эле ар кандай тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулоо үчүн өткөрүлдү.