Чолпон-Атада, Ысык-Көл көлүнүн жээгинде Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына арналган Эл аралык кинофестивал башталды. Кыргызстан ШКУдагы төрагалык кылган мезгилде өтүп жаткан фестиваль 19-июлга чейин уланат.




Ачылыш аземинде ШКУга катышкан өлкөлөрдүн расмий делегациялары, дипломаттар, эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү, режиссерлор, актерлор жана продюсерлер катышты. Келген конокторду кызыл килем менен тосуп алып, майрамдык атмосфера түзүлдү.


Азем мультимедиялык пролог менен башталды, ал кино тарыхын биринчи кадрлардан бүгүнкү күнгө чейин чагылдырды. Музыкалык коштоону Кыргызстандын Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри, эл артисти Рахат Осмоналиевдин жетекчилигинде, композитор Калыя Молдобасановдун «Манас өлкөсүндө» симфониялык картинасын аткарып берди.


Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев фестивалды расмий түрдө ачып, катышуучуларга саламдашуу сөзүн айтты.




Көрүүчүлөргө кыргызстандык режиссер Эрнест Абдыжапаровдун жетекчилигиндеги эл аралык калыстар тобу тааныштырылды. Калыстар тобуна Беларусь, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Иран жана Өзбекстандын өкүлдөрү кирди.


Фестивалдын конкурс программасына ШКУ өлкөлөрүнөн сегиз фильм киргизилген, ошондой эле кыргыз киносуна арналган конкурска кирбеген көрсөтүүлөр, ретроспективдик сеанстар жана ар кандай маданий иш-чаралар пландалган.


Төрт күндүн ичинде Чолпон-Ата киноиндустрия өкүлдөрүнүн талкуулары жана жолугушууларынын борбору болуп, ошондой эле кинематографияда эл аралык кызматташтык боюнча жаңы идеялар жана келечектерди сунуштоо үчүн аянтча болуп калат.