Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2027-жылы боло турган президенттик шайлоого барбай турганын жана бул өнөктүктө президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын билдирди. Ташиевдин мындай билдирүүсүн анын тарапташы Өткүрбек Рахманов 16-июлда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.“Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы...