Жол айрыгынын аймагында, эл аралык «Манас» аэропортуна алып бараткан жерде 24 миң квадрат метр аянтка газон себүү иштери аяктады. Бул тууралуу 16-июлда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эле МП «Бишкекзеленстрой» 16 миң квадрат метр көлөкө тартуучу торду орнотту. Бул элемент жердин оптималдуу нымдуулук деңгээлин сактоого жардам берет жана өсүмдүктөрдүн тамырлануусуна ыңгайлуу шарттарды түзөт.