
Жолугушууда "Ак-Ордо" жана "Ала-Тоо" жашоочулары инженердик инфраструктураны куруу менен байланышкан көйгөйлөргө, анын ичинде суу менен камсыздоо, газдаштыруу, жолдорду асфальттоо жана коомдук транспортту уюштуруу маселелерине көңүл бурушту. Ошондой эле, тез арада чечүүнү талап кылган жер маселелери талкууланды.