Бүгүн, 16-июлда, Ысык-Көлдүн жээгинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул иш-чара Кыргызстан ШКУдагы төрагалык кылуу учурунда жана уюмдун 25 жылдыгына арналган, фестивалдын уюштуручулары билдиришти.
Расмий бөлүмдүн башталышына чейин коноктор кызыл килем аркылуу өтүштү, аларды ШКУга мүчө мамлекеттердин делегациялары, дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык калыстар алкагы, режиссерлор, актерлор жана продюсерлер тосуп алышты. Фестивалдын катышуучулары үчүн фото зоналар, пресс-борбор жана телевизиондук тартуу топтору уюштурулду.