Бишкек жана Чанша бийликтери "акылдуу шаар" тармагында кызматташтыкты талкуулашты.


Бишкекте биринчи вице-мэр Кубанычбек Иманалиевдин Кытайдын Чанша шаарынан келген делегациясы менен жолугушуусу өттү. Делегацияны шаардык эл аралык иштер башкармалыгынын орун басары Дуань Хайбо жетектеди. Бул тууралуу борбордун мэриясынын маалымат кызматы билдирди.