15-июлда Бишкекте вице-мэр Рамиз Алиевдин Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фаем менен жолугушуусу болду. Жолугушуунун негизги темасы борбордун транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде коомдук транспорт тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана Бишкектин 2050-жылга чейинки Генералдык планын ишке ашырууга байланыштуу маселелер болду.
Рамиз Алиев транспорттук системаны жакшыртуу мэриянын негизги иш багыттарынын бири экенин белгиледи. 2050-жылга чейинки Генералдык план транспорттук инфраструктураны комплексдүү модернизациялоону, ыңгайлуу жана коопсуз шаардык чөйрөнү түзүүнү, ошондой эле экологиялык жактан таза коомдук транспортту өнүктүрүүнү карайт.