Бишкекте муниципалдык ишкана «Бишкекзеленстрой» тарабынан уюштурулган жаңы гүл дүкөнү ачылды.
Бул жерде заманбап жылыжай шарттарында ишкананын тажрыйбалуу адистери тарабынан өстүрүлгөн гүлдөр жана декоративдик өсүмдүктөрдүн кеңири ассортименти сунушталат.
Ачылыш аземине борбордун вице-мэри Рамиз Алиев жана «Бишкекзеленстрой» директору Адилет Абылбеков катышты.
Жаңы дүкөндүн дареги: Ташкент көчөсү, 17.