25-августтан 2026-жылдан баштап Алматыда электр самокаттарды колдонууга байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө кирет. Тротуарларда жүрүүгө тыюу салынат, ал эми самокатты ижарага алуу үчүн гана куракка жеткен, айдоочулук күбөлүгү бар адамдар алууга укуктуу. Бул тууралуу Tengrinews маалымдайт.

Алматы полициясынын өкүлү Салтанат Азирбек самокаттар менен жүрүүгө веложолдор же жолдун оң четинде гана уруксат берилерин белгиледи. Бул эрежелердин сакталуусун полиция кызматкерлеринен тышкары, техникалык чектөөлөрдү киргизген кикшеринг кызматтары да көзөмөлдөйт. Эгер самокат тротуарга кирсе, система биринчи кезекте ылдамдыкты азайтат, андан кийин транспортту толугу менен токтотот.