Туристтик сезондун башталышы менен Кыргызстандын чек арасындагы өткөрүү бекеттерине каттам кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.Мекеме салыштыруу үчүн быйыл апрелде мамлекеттик чек арадан 3 миллиондой адам өткөнүн белгилеп, июнь айында бул көрсөткүч 3,5 миллиондон ашканын билдирет. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы дээрлик 18% көбөйдү.Апрелде киргендердин 1 миллион 584 миңи чет өлкөлүк жарандар болсо, июнда 1 миллион 827 миңге чейин болду. Бул 15% көп дегенди...