16-июлдун кечинде Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн эл аралык кинофестивалынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.Фестиваль Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган.Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү, режиссёрлор, актёрлор, продюсерлер,...