Кыргызстандын өкмөтүнүн орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Европалык Союздун өлкөдөгү элчиси Реми Дюфло менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ирригация жана суу чарбасы инфраструктурасын модернизациялоо, суу үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүү жана агросектордо санариптик чечимдерди ишке ашыруу, ошондой эле органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана айыл чарбасын климаттын өзгөрүүлөрүнө ылайыкташтыруу боюнча эки тараптуу кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Учурда ЕС, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башка европалык финансылык уюмдардын колдоосу менен Кыргызстанда суу чарба инфраструктурасын модернизациялоого байланыштуу бир нече ири долбоорлор ишке ашырылууда, алардын жалпы баасы 86 миллион евродон ашат.