Кыргызстандын экономика жана соода министрлиги тамеки, сигарилла жана жылытуу тамеки өнүмдөрүнүн минималдуу оптодон бөлүштүрүү бааларын этап-этабы менен жогорулатуу сунушун киргизди. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Учурда сигареттин бир пачкасынын минималдуу баасы 120 сомду түзөт, бул деңгээл 2026-жылдын аягына чейин сакталат деп пландалууда.