Ивановка айылында жашаган адам мыйзамсыз дарактарды кескендиги үчүн 95 миң сомдон ашык айып төлөдү
Иссык-Ата районунун Ивановка айылында жашаган адам мыйзамсыз дарактарды кескендиги үчүн 95 миң сомдон ашык айып төлөдү. Чүй облустук экотехнадзор кызматкерлеринин текшерүүсүндө бул мыйзам бузуулар аныкталган.


Табигат министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү учурунда мыйзамсыз дарак кесүү фактысы аныкталып, анын натыйжасында 95 миң 369,88 сомдук зыян эсептелген. Бул сумма мыйзам бузуучудан өндүрүлгөн.

Айылдын жашоочусу менен табигатты коргоо мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү тууралуу сүйлөшүү өткөрүлүп, мыйзамсыз дарак кесүү түрүндөгү кийинки мыйзам бузууларга жол берилбеши керектиги эскертилген.