Кытайлык роботтор Эл аралык кинофестивалдын ачылышында бийлешти
ШОС өлкөлөрүнүн Эл аралык кинофестивалынын ачылышы Чолпон-Атада шанхайлык Unitree компаниясынын гуманоиддук роботторунун кызыктуу көрсөтмөсү менен көрүүчүлөрдү таң калтырды. Төрт робот хореографиялык композицияны көрсөтүп, биринчи кезекте заманбап кытай музыкасын, андан кийин кыргыз улуттук мелодиясын аткарышты.

Көрүүчүлөрдүн катуу кол чабуусун жараткан көрсөтүү, салтанаттын эң эстен кеткис учурларынын бири болду. Ал искусство менен заманбап технологиялардын айкалышынын символу катары фестивалдын расмий программасына киргизилди. Бул номер иш-чаранын негизги идеясын улантып, кино өнөрү салттарды жана инновацияларды кантип бириктире аларын, ошондой эле жаңы технологиялык жетишкендиктердин жардамы менен маданий диалогдун кантип өнүгүп жатканын көрсөттү.