
Иш-чаранын уюштуруучулары Индиянын кымбат таштар жана зергерчилик буюмдарын экспорттоону колдоо боюнча кеңеши (GJEPC) жана Индиянын Кыргызстандагы элчилиги болду. Симпозиумга мамлекеттик структуралардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана 12 индиялык компаниянын делегациясынын өкүлдөрү катышты.

Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав эки өлкө ортосундагы байланыштар жаңы экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн ачып жатканын белгиледи.