Кыргызстандын Экономика жана соода министрлигинин соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын Ангрен шаарында жайгашкан «Ташкент» эркин экономикалык зонасына визит өткөрдү. Сапардын максаты эки өлкө ортосунда соода жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат, деп билдирет Министрликтин маалымат кызматы.
Визит учурунда делегация эркин экономикалык зонанын директору Галибжан Эшмирзаев менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча негизги маселелерди талкуулашты.
Кыргыз тарап СЭЗде иштөө үчүн берилген шарттар, чет өлкөлүк инвесторлорго мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле региондо иштеп жаткан салык жана бажы жеңилдиктери менен таанышышты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мындан аркы кызматташтык, эркин экономикалык зоналарды башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешкен инвестициялык демилгелерди илгерилетүү боюнча макулдашууларга жетишилди, бул Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы бизнес байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берет.