Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 605 миллион киловатт-саатка төмөндөгөн, бул 7,6 пайызды түзөт. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети сунуштады.
2023-жылдын январь айынан июнь айына чейин 7 миллиард 359,2 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда төмөн.