Бишкек шаардык соту "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовду 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Сот аны "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча актап, "бийликти басып алуу" боюнча күнөөлүү деп тапты. Адвокаттар сот чечимине макул эместигин, кийинки инстанцияга кайрылыша турганын билдиришти. Былтыр Биринчи май райондук соту ишкерди 9 жылга кескен болчу.