
Бузуучу 95 миң сомду чөнтөгүнөн чыгарууга аргасыз болду
Чүй облустук экология жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Ысык-Ата районунда жайгашкан Ивановка айылында дарактарды мыйзамсыз кесүү фактын аныкташты. Текшерүүнүн жыйынтыгында 95 миң сомдон ашык суммадагы доо арызы берилди, ал дароо өндүрүлдү.
Табигый ресурстарды коргоо мыйзамдарын бузган жергиликтүү тургунга өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян 95 369,88 сом деп эсептелди.
Бузуучуга экологиялык нормаларды сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага келечекте ушундай укук бузууларды жана мыйзамсыз дарак кесүүнү кайталабоо тууралуу эскертүү берилди.
Сүрөт www