
Бишкекте 19-июлда саат 21:00дө Ала-Тоо аянтында Legend Fan Festival фан-зонасынын салтанаттуу ачылышы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымат алынды.
Катышуучулардын коопсуздугун жана комфортун камсыздоо үчүн, саат 19:00дөн баштап Чүй проспектинде Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүктө, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүндө, Чүй проспектинен Эмгек даңкы скверине чейинки бөлүктө убактылуу жол кыймылы чектелет.
Фан-зона Кыргыз футбол федерациясынын жана «Шоро» компаниясынын колдоосу менен түзүлүүдө. Иш-чара FIFA 2026 дүйнө чемпионатынын финалдык оюнын трансляциясына арналган.