19-июлда Бишкектин борборунда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына арналган расмий фан-зонаны түзүү себептүү унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн Чүй проспектиси Эркиндик проспектинен Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жабылат.