Бишкекте 24-июлда «Жан дүйнөнүн эгосун» аталышындагы көргөзмөнүн ачылышы болот, анда өмүр бою эркинен ажыратылган Вячеслав Абдрашитовдун эмгектери коюлат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Көргөзмө Дубов паркында жайгашкан С. Чуйков атындагы Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун арт-галереясында өтөт. Ачылыш азем 11:00дө башталат.
ГСИН белгилегендей, көргөзмө соттолгондорду кайра социализациялоону колдоо максатында уюштурулган. Иш-чаранын негизги максаты – чыгармачылык потенциалды өнүктүрүүгө, билим алууга жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө кызыгууну жаратууга, ошондой эле кылмыш-жаза аткаруу системасындагы тарбиялык иш-аракеттер жөнүндө коомду маалымдоого жардам берүү.