Улугбек Ракунов: Маданият саясаттан ылдам бириктирет
Эл аралык ШКУ өлкөлөрүнүн кинофестивалы фильмдерди көрсөтүүнүн гана эмес, мамлекеттер ортосундагы байланыштарды бекемдеген маданий алмашуу үчүн платформага айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындай пикирди Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин Көркөм-эксперттик кеңешинин мүчөсү Улугбек Ракунов билдирди.

Анын айтымында, Шанхай кызматташтык уюму узак убакыттан бери өз чегинен чыгып, таза экономикалык жана саясий аспектилерден алыс болуп, горизонтторун кеңейтти.