Бишкектеги кирпич заводуна 4 таңга жууруп текшерүүгө келишти
Табият министрлигинин экологиялык мониторинг департаменти Бишкек жана Аламудун району боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен кызматташып, борбордогу "Алтын-Казык" турак жай массивинде жайгашкан кирпич заводун текшерди. Текшерүү социалдык тармактарда заводдун аймагынан кара түтүн чыгарылганы тууралуу видео боюнча башталган.

17-июлда, таңкы 4тө, заводдо толук текшерүү жүргүзүлүп, лабораториялык изилдөөлөр үчүн атмосфералык аба үлгүлөрү алынды.