Кыргызстандын өкмөтүнүн орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Европалык Союздун өлкөдөгү элчиси Реми Дюфло менен жолугушуу өткөрдү. Талкууланган негизги тема суу чарбасы жана ирригация системаларын модернизациялоо, суу үнөмдөөчү технологияларды жана санариптик чечимдерди агроөнөр жай секторуна киргизүү, ошондой эле органикалык айыл чарба жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу айыл чарбаны өнүктүрүү маселелери болду.
Учурда Европалык Союздун, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана башка европалык финансылык институттардын колдоосу менен Кыргызстанда суу чарба инфраструктурасын модернизациялоого багытталган маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда, алардын жалпы суммасы 86 миллион евродон ашат. Өткөн жылы 17 миллион еврого кол коюлган гранттык келишим да талкууланды, ал суу чарба тармагында комплекстүү реформаларды ишке ашырууга багытталган.