21 миңден ашык жаран МСЭКте медициналык-социалдык экспертиза өткөрдү

«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында МСЭКтин бизнес-процесси оптимизацияланды



Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынын (МСЭК) системасын жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда. Негизги көңүл заманбап санариптик технологияларды киргизүүгө жана инвалиддукту аныктоо процедураларын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүгө бурулган.