```html







17-чи Кыргыз-Кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык комиссиясынын жыйыны Кыргызстандын өкмөт башчысынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жана Кытайдын соода министринин орун басары Линь Цзинин жетекчилиги астында өттү. Жыйын Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Кытай жетекчилигинин Кыргызстанга сапары алдында болду.
Акунбеков комиссиянын позицияларды макулдашууда жана келечектеги иш-чараларда талкууланчу актуалдуу маселелерди чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди координациялоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ал ошондой эле “Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан” темир жолун куруу жана “Бедел” үчүнчү өткөрмө пунктун ачуу сыяктуу масштабдуу долбоорлордун ишке ашырылышы эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын динамикалык өнүгүшүн көрсөтүп жатканын айтты.

Кытайдын соода министринин орун басары Линь Цзи ар тараптуу пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал жыйында талкууланган маселелер жана жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө жаңы импульс берет деп ишенет.