Нарын облусунун Кочкор районунда жайыт жерлерин пайдалануу эрежелери бузулгандыгы катталды. Текшерүүлөрдүн натыйжасында 11 жаран административдик жоопкерчиликке тартылды, салынган айыппулдардын жалпы суммасы 82,5 миң сомду түздү, деп билдирет Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
Нарын облусунун Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын регионалдык башкармалыгы жайыттарды коргоо жана жер мыйзамдарын сактоо боюнча иш-чараларды активдүү өткөрүүдө.