Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн коргоо министри кызматына азыркы учурда Коопсуздук кызматынын (СБУ) жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Евгений Хмараны көрсөтөрүн билдирди.Зеленский анын талапкерлигин парламенттин кароосуна сунуштай турганын 16-июлдун кечиндеги кайрылуусунда кошумчалады.Президенттин айтымында, Хмара технологиялык операцияларды жүргүзүүдө чоң тажрыйбага ээ. Анын пикиринде, азыркы согушта Украина дал ушул багытка өзгөчө көңүл бурушу керек.Жаңы өкмөттүн...